10:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелери айыппулга жыгылды

Шымкент шаарында мектепке диний кийимчен барган 22 окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды. Калаанын Билим берүү департаментинен билдиргендей, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген.

Маалыматтарга караганда, «билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга» байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн баш тартууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында «жоолук жаңжалын» жараткан. Аталган аймактарда хиджапчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдогон.

Быйылкы окуу жылынын соңунда Казакстан билим берүү жана илим министрлиги Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар