16:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстанда карантиндик чектөөлөр жеңилдетилген шартта дагы эки айга узартылды

Казакстанда карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү жеңилдетилген шартта дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн карантиндик чектөөлөр жеңилдетилет. Этап-этабы менен айрым ишканаларга уруксат берилет. Мөөнөтүн узартуу чечимин өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

«Казакстанда 5-июлда карантин жарыялангандан тартып коронавируска чалдыккандардын саны азайды. Туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду. 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтү 2-августка чейин узартылган. 3-августта айрым ишканалар жандана баштайт, бирок тартип баштагыдай катуу сакталышы керек», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 86 миң 192ге жетти. Анын ичинен 793 бейтап каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби