00:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Касым-Жомарт Токаев Орусияда Владимир Путин менен жолугат

3-апрелде Москвада Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугат. Бул тууралуу Казакстандын «Хабар» мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Казакстан президентинин администрациясынын билдирүүсүндө жолугушууда эки тараптын мамилеси, кызматташтыгы, Евразия аймагындагы интеграциялык долбоорлорду өнүктүрүү сыяктуу бир топ маселе тууралуу сөз боло турганы жазылган.

Бул Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын президенти болгондон кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары.

Сенаттын мурдагы төрагасы, экс-премьер-министр жана өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Токаев президенттик кызматка 20-мартта киришкен. Ошол эле күнү Сенат спикери кызматына өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева дайындалган. 19-мартта Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Назарбаев кызматтан кеткенин жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума