15:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий сапарын Орусияга жасайт

3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот», — деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлат деп пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума