18:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземи Ала-Арча резиденциясында болду

«Өлкөбүздүн жаркын келечегин билимдүү, илимдүү, мекенчил жаштар менен байланыштырабыз», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде.

Салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана «Алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады. Бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын кошумчалады.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам. Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз», — деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

Эң көп окулган жаңылыктар