01:23
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан 142 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан 142 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, алар «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы аркылуу келишкен.

«Бул каттам менен АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея Республикасы, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн жана Мальдив өлкөлөрүнөн мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан», — деп берилет маалыматта.

Чет мамлекетте жүргөн жарандарды Кыргызстанга алдырып келүү боюнча иштер улантылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар