21:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Россияда 1-августтан тарта эл аралык аба каттамдар ишке кирет

Россияда 1-августтан тарта эл аралык аба каттамдары иштер баштайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач үч өлкө — Улуу Британия, Түркия (Анкара, Стамбул) жана Танзиния менен болгон аба каттамы жандандырылат.

«Алгачкы эл аралык каттамдар боюнча учактар Москва, Санкт-Петербург жана Ростова-на-Дону шаарларындагы аэропорттордон учат. Ал эми 10-августтан тарта Түркиянын Анталья, Бодрум жана Даламан шаарларына учактар учуп баштайт», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар