15:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кумтөр Ысык-Көлдүн медициналык мекемелерине 90 кислороддук концентратор берет

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы Кыргызстандагы коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууда. Компания 90 кислороддук концентрат сатып алды, алар жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы шаарынын медициналык мекемелерине берилет.

38 кислороддук концентратордон турган медициналык жабдуулардын биринчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди жана регионго багыты боюнча берилди. Бөлүштүрүү керебет орундарга ылайык ишке ашат.

​Белгилей кетсек, бул «Кумтөр» компаниясынын Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү үчүн жасаган иштеринин чакан бир бөлүгү эле. 2020-жылдын март айында «Кумтор Голд Компани» 100 мин доллар өлчөмүндө финансылык жардам бөлүп берип, ал облус аймагындагы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөө иш-чараларына тартылган Ысык-Көл облусунун тиешелүү структураларын жана калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого багытталган.

Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөөгө 12 миллион сом бөлдү. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1 пайыз өлчөмдөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби