01:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекке Түркиядан 341 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Түркиядан 341 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, алар Turkish Airlines авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Стамбул — Бишкек — ​​Стамбул каттамы аркылуу келишкен.

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирип, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салганын кошумчалады. Бул рейс аркылуу АКШ, Канада, Бразилия, Корея, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопиядагы мекендештер кайтып келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар