09:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркмөнстанда коронавирустун белгилери менен ооруканага жаткандар көбөйүүдө

Ашхабадда коронавирустун белгилери менен ооруканага жаткырылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Ашхабаддын аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну №1 шаардык ооруканада абал оор экенин, бейтаптарга орундар жетишпей жатканын билдирди.

«Ал жерде COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жатышат. Бейтаптар өтө көп, баарына пневмония диагнозу коюулууда. Интенсивдүү терапия бөлүмүндө күн сайын 50гө жакын киши өлүп жатат. Каза болгондордун сөөктөрүн реанимациядан моргго алып кетүүгө жетишпей калышууда», — деди ал.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Ашхабаддагы Темир жол ооруканасында маркумдардын сөөктөрүн сала турган пластик каптар жетишпей жатканын билдирди.

«Дарыгерлер пластик каптар жок калганын жекшемби күнү эле эскертишкен. Жетекчиликтин убадасына карабастан каптар өз убагында жеткирилген жок. Азыр сөөктөрдү хлорго чыланган чүпүрөктөргө ороп, туугандарына аны ачпоо керектигин эскертип жатышат», — деди кабарчы.

Ал ушу тапта кеминде 20 таанышы коронавирус белгилери менен Ашхабаддын ооруканаларында жатканын кошумчалады. «Көпчүлүгүнүн абалы оор. Кычкылтек жабдуулары жетишсиз экенин айтып жатышат», — деди ал.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы бул билдирүүлөр боюнча аталган ооруканалардан жана Ашхабад шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан комментарий ала алган жок.

Түркмөн бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби