14:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекке Екатеринбургдан 188 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан 188 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу Екатеринбургда, Челябинскте, Тюменде, Сургутта, Жаңы Уренгде, Салехарда, Ноябрьскийде жана Перми шаарларында жашаган кыргызстандыктар келишкен.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун шаарларындагы жана аймактарындагы кыргыз диаспоралык уюмдарга келип түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде түзүлгөн.

«Кыргызстанга келген жарандардын баары медициналык көзөмөлдөн өтүшөт жана обсервацияга жайгаштырылат. Чек жактагы мекендештерди Кыргызстанга алдырып келүү иши уланууда», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби