11:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

COVID-19. Жугуштуу оорулар клиникасынын дарыгери Шайназар Закиров каза болду

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан дарыгери Шайназар Закиров коронавирус илдетинен улам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Дарыгер 53 жашта болчу. Анын артында үч баласы калды.

Шайназар Закиров эмгек жолун 1996-жылы Ош облусунун Кара-Суу борбордук райондук ооруканасында педиатр-дарыгер болуп иштеп баштаган. 2012-жылдан тарта Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жугуштуу оорулардын дарыгери катары эмгектенген.

2020-жылдын мартында коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн Ошко которулган. 2020-жылдын июнунан баштап кыргыз-түрк достук ооруканасында жугуштуу оорулардын дарыгери болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар