06:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекке Новосибирсктен 183 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Новосибирсктен 183 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар «Авиатраффик» авиакомпаниясынын Новосибирск — Бишкек аба каттамы аркылуу келишкен.

Тышкы иштер министрлигинде белгиленгендей, Кыргызстанга келген жарандардын тизмеси алардын зарылчылыктарына карата түзүлгөн.

«Россиядагы Сибир федералдык округундагы окуу жайларында билим алып жаткан 73 кыргызстандык студент келди», — деп берилет маалыматта.

Мындан сырткары, борт аркылуу мекендештер тарабынан топтолгон 185 миң рубль өлчөмүндөгү гуманитардык жардам келди.

Эң көп окулган жаңылыктар