11:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ошто COVID-19 менен ооруп жаткан бейтап экинчи кабаттан секирип каза болду

Ошто 65 жаштагы эркек киши шаардык клиникалык оорукананын экинчи кабатынан секирген. Бул тууралуу Ош ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, каза болгон бейтап коронавирус илдетине чалдыгып дарыланып жаткан жана ал реанимацияга түшкөн болчу.

«Бейтап кечээ саат 22:00дө бөлмөнүн терезесинен секирген. Алган жаракаттарынан улам ошол жерде жан берди. Керектүү экспертизалар дайындалды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү боюнча катталды», — деп берилет маалыматта.

Буга чейин ушул эле ооруканадан коронавируска каршы дарыланып жаткан 34 жаштагы бейтап дагы терезеден боюн таштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар