20:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Согуштун 1951 ардагерине 75 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

Согуштун 1951 ардагерине 9-майда бериле турчу акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров брифингинде билдирди.

Анын айтымында, ардагерлерге акчалай сыйлык катары жалпы 44,1 миллион сом бөлүнгөн.

«Ардагерлер жыл сайын 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин жөлөк пул алышат. Андан сырткары, президенттин тапшырмасы менен 55 миң сом акчалай сыйлык берилет. Жыйынтыгында согуштун ардагерлери жалпы 75 миң сомдон каражат алышты», — дейт Улукбек Кочкоров.

Акчалай сыйлык 7 категориядагы ардагерлерге берилген: эмгек ардагерлерине, ардагерлердин аялдарына, концлагердин туткундарына.

Эң көп окулган жаңылыктар