Бишкекте Милициянын патрулдук кызматынын кызматкерлери кафенин дубалын тешип өткөн Lexus автоунаасынын айдоочусун колго түшүрүштү. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын пресс-кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, автоунаа унаа токтотуучу жайга токтотулган жана айдоочусуна тартип бузуу боюнча протокол түзүлдү.
Эске сала кетсек, 7-июлда Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жалпы тамактануучу жайдын ичине кирип кеткен.