05:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Финансы министрлиги бир жумадагы чыгымдар боюнча маалымат берди

Чет келген каражатты бөлүштүрүүдө  Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкчылыкка ээ болушат. Бул тууралуу брифингде Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. 

Анын айтымында, эл аралык уюмдардан келген каражатты өткөн жумада иштетиле баштады. 

Бир жумада Финансы министрлиги 604,7 миллион сомду чыгымдады:

- Анын 17,8 миллион сому очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин медкызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү төлөөгө жумшалды. ПЦР  анализге керектелүүчү каражаттарды алууга 93 млн сом бөлүнгөн.

- Кычкылтек концентраторун алууга – 50 миллион сом, 

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрүнө – 91,7 миллион сом.

- Жеке коргонуу каражаттарын алууга – 300 миллион сом.

-  Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине – 32, 7 миллион сом.

-  Мигранттар менен иш алып барууга ТИМге – 15 миллион сом.

- Обсервацияда шарттардык уюштуруу үчүн ӨКМге- 52,9 миллион сом.

Эң көп окулган жаңылыктар