16:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тез жардам кызматына бир сутка ичинде беш миңге чукул бейтап кайрылган

Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тез жардам кызматына болгон кайрылуулар көп болуп жаткандыгы тууралуу 24.kg агенттигине маалымдады.  103 номуруна бир суткада беш миңге чейин бейтап чалып кайрылат.

Анын айтымында, кечээ 795 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 98 бейтап пневмония илдетине байланыштуу чалган. Тез жардам кызматы 360 чалууга гана жардам көрсөтүүгө үлгүрдү.

«Бейтаптарды жайгаштыруу маселеси курч бойдон калууда. Бүгүн Улуттук госпиталда оор абалдагы бейтаптарга жана «Семетей» базасынын алдында оорунун жеңил түрү менен ооруганарды дарылоо үчүн ачылды. Бирок эпидемиологиялык абал аябай курчуду, кайрылуулардын саны аябай көп. Буга ылайык кошуча алты бригада иш алып барышууда», — дейт Искендер Шаяхметов.

Дагы бир маселе биздин кызматкерлер, дарыгерлер, мед айымадардын ооруп жаткандыгында. Ыкчам бөлүмү боюнча беш жогорку дарыгердин төртөө бюллетенде.

Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Анын ичинен 10 бейтап Бишкекте катталды. Бир сука ичинде көрсөткүч 10 пайызга өскөн.

2020-жылдын мартынан тарта пневмония илдетинен 195 бейтап каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар