12:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сабырбек Жумабеков: Пневмония эч кандай белгилери жок эле пайда болуп жатат

Пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өрчүп кетип жатат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, пневмония илдети эч кандай симптомдорусуз күч алып, көбүнчө бейтаптар үйүнөн дарыланышууда.

«Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарыла баштады, кубанычтабыз. Бирок, тилекке каршы жаңы ооругандар азайган жок. Урматтуу бейтаптар, өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу», — деп жазган.

Симптомдор байкала баштагандан тартып, оору өпкөгө жете электе антибиотикалык терепияны баштоо керек.

Сабырбек Жумабеков жарандарга, үйдөн даыланууну токтотуп дарыгерлерге барууну сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар