12:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Дары-дармектердин баасын көтөргөндөр жазасын алат

Дары-дармектердин, беткаптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасын алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элге жасаган кайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчысы дарыгерлерге ыраазычылык билдирип өттү.

«Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурдун негизги жүгүн сиздер көтөрүп жатасыздар. Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр.Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Президент вирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

«Өз жакындарынан айрылып калган мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушул оор күндөрү бардык кыргызстандыктар силердин кайгыңарды тең бөлүшөбүз», — дейт өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик эмес клиникалар, коргоо жана күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартыларын белгиледи.

Ал медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө, бизнести медиктерди колдоого алууга чакырды.

«Бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил экенин унутпайлы. Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди «эл душманы» деп ачык айтам», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар