Пневмония менен ооруканада 1 миң 724 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 112 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 337 адам оор абалда.
Пневмониядан каза болгондордун саны — 120.
Акыркы күндөрү пневмония менен ооруканага 2 миң 508 түшүп, алардын 664тү айыгып чыккан.