20:35
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Баткенде жума намазга, той, түлөө өткөрүүгө тыюу салынды

Баткенде жума намазга топтолууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жума намазды үйдө окуу сунушталат. Андан сырткары, той, түлөө жана башка үй-бүлөлүк жана массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

«Облустун аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторан, ашкана жана дүкөндөрдүн ээлери санитардык эрежелерди сактабаса, мекеме жабылат. Коомдук транспорттун айдоочулары, жүргүнчүлөр санитардык норманы сактабаса, тиешелүү чаралар көрүлөт жана бир тараптуу автобустук каттамдан четтетилет», — дейт облустун администрация.

Баткенде вирус жуктургандардын саны 108 болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар