03:56
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Кочкордогу коронавирустан каза болгон маркумдардын бири үйдөн дарыланган

Нарын облусунун Кочкор районунда 2-июлга карата коронавирустун айынан эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу облустук штаб маалымдады.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири үйдөн дарыланган. Ал эми экинчи бейтап 69 жаштагы аял 26-июнда Кочкордогу аймактык ооруканага кайрылган. Анын диагнозу панкреатиттин курч түрү экени аныкталган. Күн өткөн сайын анын абалы начарлай берген жана андан коронавирус тастыкталган. Анын дем алуусу начарлагандан улам ИВЛ аппаратына туташтырылган. Буга карабай ал бүгүн көз жумду.

Кыргызстан боюнча 2-июлга карата төрт адам коронавирустан көз жумду. Жалпы вирустун айынан 66 бейтап акка моюн сунду.

Эске сала кетсек, Нарын облусу боюнча 497 бейтаптан коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар