12:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Пенсионерлер жол жүрүү картасын акимчиликтен алса болот

Пенсионерлер жол жүрүү карталарын акимчиликтен жана аймактык муниципиалык башкармалыктан ала алышат. Бул тууралуу калаанын муниципалитетинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, жеңилдетилген жол жүрүү карталары 1-июнда тарта бериле баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашыгы алды.

«Жол жүрүү картасы санитардык талаптардын негизинде берилет. Аймактык муниципиалык башкармалык бир күндө 80ден ашык эмес адам кабыл алат, ал эми акимчиликте 50дөн көп эмес», — деп билдирет мэрия.

Аймактык муниципиалдык башкармалык 15-июлда ишин токтотоору белгилүү болду.

Жол жүрүү картасын алуу боюнча байланышка чыгуу үчүн 0312 58 20 00 номуруна чалсаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар