00:37
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр аткарат

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

«Борбор шаардын мэри Азиз Суракматов COVID-19 илдети менен ооруп жаткандандыгына байланыштуу расмий түрдө кызматтык зарылчылыктан улам муниципалитеттин башчысынын милдетин борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев убактылуу аткарат», — деп билдирди мэрия.

Шаардык жана ыкчам штабдар кадимки режимде иштешет. Баардык кызматтар жана акимчиликтер шаардын жашоосун жана көркүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттерин улантышат.

Эң көп окулган жаңылыктар