Бишкектеги аймактыктык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдон коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Ооруп калдым, үйдө жатам. Ооруканада орун жок экен. Коронавирустун экинчи толкуну келди», — деп жазып, ал тойдо болбогонун кошумчалаган.
Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусу менен 3 миң 151 бейтап аныкталды. Коронавирустан айыккандардын саны 2 миң 11.