23:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары ПЦР-тест тапшырды. Жыйынтыгы жакшы

Парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков жана вице-спикерлер Аида Касымалиева менен Мирлан Бакиров коронавируска карата ПЦР-тест тапшырышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмазбек Сабырбеков 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, тесттин жыйынтыгы жакшы. Аны менен катар бардык депутаттар милдеттүү түрдө анализ тапшырышат.

«Эки күндүн ичинде депутаттар анализ тапшырып бүтөт деп ойлойм. Азырынча COVID-19 вирусу эч кимден аныктала элек. Ошондой эле аппараттын кызматкерлери жана басма сөз кызматы дагы тест тапшырышат. Алардын баардыгы макулдуктарын беришти, жана үйдөн иштешет. Депутаттардын жардамчылары дагы текшерилүүдө. Сессия аяктаганга чейин журналисттер парламенттик отурумдарга катыша алышпайт», — дейт Алмазбек Сабырбеков.

Жума күнү, 19-июнда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нуридинов COVID-19 вирусун жуктуруп алганы маалым болгон. Ал Дастанбек Жумабековдон башка баардык кесиптештери менен байланышта болгон.

Бейшеналы Нурдинов парламентке Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген. Экинчиси виринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.

Парламентте ушуну менен COVID-19 инфекциясына кабылган эки учур катталды. 18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар