08:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Балбак Түлөбаев: Мэриянын эки кызматкеринен вирус чыкты. Абайлайлычы!

«Мэриянын аппаратында иштеген эки адамдан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу дүйшөмбүгө чейин жарандары кабыл ала албайбыз», — дейт Бишкек шаардык мэриясынын Борбордук аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев. Ал бул тууралуу Facebook жеке баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Борбордук аппараттын кызматкерлери үйдөн иштеп жатышат.

«Калайык! Башкы бухгалтерибиз эмгек өргүүдө болгондуктан үйүндө болчу. Уюштуруу бөлүм башчысы да үйүндө. Азырынча жеңил өтүп жатат. Калаа башчыбыз Азиз Суракматов жана менин анализим таза чыкты. Ошого карабай дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл албайбыз. Аралыкта иштеп жатабыз», — деп жазган.

Аны менен катар аралыкты сактап, бет кап тагынып, санитайзер колдонууну сунуштады.

«Жабык жерлерден, эл көп чогулган жайлардан качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы. Оору эч кимди тандабайт», —дейт Балбак Түлөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар