Улуттук банктын кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын пресс-кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 2020-жылдын 18-июнунда Улуттук банктын кызматкеринин анализи боюнча коронавирус аныкталган. Учурда кызматкер стационардык дарылануучу жайда жатат.
«Бейтап менен байланышта болгон Улуттук банктын кызматкерлери үй карантинине жөнөтүлдү. Санитардык-эпидемиялык станциясынын адистери алардан анализ алышты. Коронавирус жуктуруп алган кызматкердин иштеген кеңсеси жана имарат дезинфекцияланды», — деп билдирет Улуттук банк.
Андан тышкары, коронавирус инфекциясын алдын алуу иретинде күчөтүлгөн тартип кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө банктын башка кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок. Улуттук банк штаттык режимде ишин улантып жатат.