22:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Араван районунун акиминен коронавирус аныкталды

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус аныкталды.

Райондук администрациясы өзүнөн вирустун белгилерин байкап ПЦР-тест таршырган, жыйынтыгында вирус аныкталган. Ал учурда дарыланууда.

Араван районунун администрациясынын баардык кызматкерлери анализ тапшырышты. Маалымат боюнча жыйынтыгы жакшы.

Белгиленгендей, 11-июнда Курбан Айтибаев президент Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна болгон иш сапарында жолугушкан.

Ал эми мамлекеттик башкармалыктын пресс-кызматы 24.kg агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, президент күн сайын тест тапшырып турганын айтты. Мамлекеттик башкаруу кызматкерлеринин дээрлик 60 пайызы үйдөн иштеп жатат.

«Үйүндө иш алып барвп жаткан кызматкерлер дагы коронавируска карата тест тапшырып жатышат», — деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар