Президент Сооронбай Жээнбеков бет капсыз, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнүн айыпка жыгууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн Коопсуздук кеңештин чакан курамынын жыйынында билдирди.
Өлкө башчысы илдетти жок деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.
«Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек.
Сооронбай Жээнбеков.
Эскерте кетсек, мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатып, өкмөттүн айрым мүчөлөрү бет капсыз болушкан. Өкмөттүн аппаратынын жалпы сүрөтүндө дагы эч ким бет кап кийген эмес.