21:40
USD 84.79
EUR 98.42
RUB 1.22

Коронавирустан дагы бир адам каза болду

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде СOVID-19 инфекциясынан бир адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдын брифингинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалым болгондой, коронавирустун айынан Кыргыз-түрк достук ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы бир адам каза болду.

Жалпы каза болгондордун саны 32 кишини түздү.

Эске сала кетсек, бир сутка ичинде 132 жаңы учур катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар