18:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бир сутка ичинде жаңы 132 учур катталды

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 132 бейтаптан СOVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалым болгондой, коронавирус илдетине чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында.

Бишкек шаарын-48, Чүй облусунда – 38, Ош шаарында – 13, Ош облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 11, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6 жаңы учур катталды.

Акыркы сутка ичинде коронавирустан айыккандардын саны 28. 

Эске сала кетсек, өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 789га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар