Бишкектеги ИИБдин убактылуу кармоочу жайында кыйноого туш болгон дагы бир жаран арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Улуттук кыйноолор боюнча алдын алуу борборуна кайрылуу келип түшкөн.
Укук коргоочунун айтымында, ал алгач кармалганга чейин сабалганын тастыктаган. Андан соң Жал кичирайонунда аны алып барган жайдан сабашкан. Кармалган адамды күнөөлөрүн мойнуна алдыруу үчүн ур-токмокко алышкан.
Белгиленгендей, кармалган адамды санкцияга алып чыгып жатканда нааразычылык иретинде өзүнүн колдорун кесип салган.
«Тийиштүү материалдар менен кошо арыз текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү», — деп кошумчалады.