16:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жаңы логотипке сынак жарыялады

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жаңы логотипке сынак жарыялады. Ал Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата арналмакчы.

Маалыматка ылайык, логотипте мурун колдонулган сүрөттөр болбошу шарт. Дизайн санариптик форматта болуп, көлөмү 15×15 сантиметрден ашпашы керек.

Кызыккандар эмгектерин 6-декабрга чейин жөнөтүшү зарыл. Жеңүүчү бир күндөн кийин жарыяланат.

Эмгектерди pm.kyrgyzstan@gmail.com дарегине жөнөтүү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар