07:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Абактагылардан кордук көргөн Даниел Ажиевдин өмүрү коркунучта

Улуттук араздашууну козутуу боюнча айыпталып жаткан Даниел Ажиевдин өмүрү коркунучта. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова 24.kg агенттигине билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкек шаардык № 1 тергөө абагындагылар Даниел Ажиевди коркутушкан.

«Абактагылар Даниелди күнүгө сабап, ур-токмокко алышкан. Алар аны шылдың кылгылары келип, мунун жыйынтыгы өзүнө-өзү кол салуусуна түрткү болгон. Бул окуядан соң өзүнчө камерага жайгаштырышты. Учурда абалы жакшы, бирок тергөө администрациясы кайрадан түрмөкечтерге жөнөтүшү мүмкүн. Буга эч качан жол бербеш керек. Алар аны майып кылып салышат. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчилигине жардам сурап кайрылгам, Даниелге жардам беришти. Камерадагы күзөтчүлөр да орой мамиле жасашкан, аларга кайра салып берүү мүмкүн эмес», — дейт жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Эртең Бишкек шаардык сотунун отурумунда Даниел Ажиевдин баш коргоо чарасы каралат. Ал эми жактоочулар Даниел Ажиевди үй камагына чыгарууну суранышат.

Эске сала кетсек, Даниел Ажиев Кыргызстанда карантин жарыялангандан кийин аз камсыз үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөткөн. Көп өтпөй интернет колдонуучулар Даниел Ажиевдин дарегине көптөгөн терс пикирлерди калтырышкан. Аларга жооп катары вевкам-моделдер студиясынын уюштуруучусу кыргызстандыктарды сөгүп, басынткан видеосун жүктөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума