13:45
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Былтыр кыйноолор боюнча 8 кылмыш иши козголгон

2018-жылы кыйноолор боюнча 8 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун орун басары Динара Саякова билдирди.

Анын айтымында, былтыр 238 арыз жана билдирүү келип түшкөн. Анын 123ү кыйноолорго, 52си орой мамилеге тиешелүү. 8 арыз боюнча кылмыш иши козголгон. Арыздын 85,5 пайызы милиция органдарынын кызматкерлерине карата жазылган.

Былтыр улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан 13 учур, быйыл 1 учур катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар