Баткен облусундагы жол кырсыктан улам төрт адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, Бужум айылында «Хундай Портер» жана «ВАЗ 2107» автоунааларынын кагылышуусунан улам төрт эркек киши жаракат алган.
ӨКМдин кызматкерлери жабыркагандарды унаадан алып чыгып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуянын чоо-жайы аныкталууда.

