Сооронбай Жээнбеков Кытай элинин президенти Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы маалымдады.
Телеграммда боордош Кытайдын туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого багытталган ийгиликтүү өкмөттүн иш-аракеттеринин бекем негизи болгон кытай кесиптешинин кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы бай экендиги белгиленет.
«Сиздин жөндөмдүү жетекчилигиңиздин астында Кытай эли өз күчүн топтоду жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөштө чоң ийгиликтерге жетишти. Ошол эле учурда, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасына коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Дүйнөдө коронавирустун жайылышы боюнча кырдаал оор бойдон калууда, бирок ошого карабастан, мен биргелешкен аракеттер менен бул ооруну жеңебиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.
Сооронбай Жээнбеков коңшулук, достук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн туруктуу өнүгөрүнө жана бекемделерине ишенерин билдирди. Президент Си Цзиньпинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүктө чоң ийгиликтерди, ал эми коңшу кытай элине тынчтык жана бакубат каалады.