23:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өлкө башчысы энелерди майрамы менен куттуктады

«Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын Энелер күнүнө карата куттуктоосунда билдирген.

«Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү — ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жаңырып турат. Адам баласына жарык дүйнө тартуулоо менен, энелер бардык жакшы касиеттерди ыроолойт», — деди өлкө башчысы.

2012-жылдан бери Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар