02:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жээнбеков: Банк сектору өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошууда

«Банк сектору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошууда». Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Кыргызстандын банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктоо сөзүндө билдирди.

Быйыл өлкөбүз улуттук валютанын киргизилишинин 25 жылдыгын белгилеп жатканына токтолгон президент, өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-насыят саясатынын негизги каражаты гана болбостон, эгемендүү мамлекеттин көзкарандысыздыгынын символу болуп калганын баса белгиледи.

«Бүгүн банк сектору калкка ар кандай кызмат көрсөтүп жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылап, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошууда. Банк кызматкерлеринин эмгеги менен финансылык туруктуулукка, банк жана төлөө системасынын коопсуздугуна жетише алдык.Сиздердин кесипкөйлүүлүгүңүздөр, бай тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөбүздүн банк системасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн мындан ары карай өнүгүшүнө кызмат кылаарына ишенем», — деди мамлекет башчы.