06:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады

Сооронобай Жээнбеков Россия Федерациясынын элин жана президенти Владимир Путинди мамлкекеттик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы билдирди.

«Улуу тарыхы, маданияты, зор жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыгы бар, көптөгөн улуттар менен ар кыл маданияттарды кошкон эбегейсиз мейкиндиктеги Россия сиздин түздөн-түз катышууңуз менен албан ийгиликтерге жетишти. Ошондой эле бүгүнкү күндө анын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы сиздин атыңыз менен тыгыз байланышта. Россиянын улуттук кызыкчылыктарды, жарандык биримдикти коргоого жана руханий баалуулуктарды сактоого багыт алганы өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепилдиги болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

«Кыргызстанда жалпы тарыхый мурастарды жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кылымдардан берки достук мамилелерди өнүктүрүүгө, ири биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди колдоого кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт», — деп баса белгиледи өлкө башчы куттуктоо сөзүндө.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн жаркын келечеги үчүн кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү өнүгөрүнө ишенерин билдирди. Куттуктоонун соңунда Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде мындан аркы албан ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар