Бишкекте толук курулуп бүтө элек сегиз кабаттуу үйдөн 22 жаштагы жигит кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 14:51 чамасында Масалиев көчөсүндө болгон. Ал куруучу болуп иштеген, натыйжада алган жаракатынан улам ошол жерден мерт кеткен.
Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып, зарыл болгон соттук-медицианлык экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайы жана себептери аныкталууда.