00:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аксыда 9-июнда жааган мөндүрдүн кесепетинен эгин кыйрады

Аксы районунун Ак-Дөбө, Күлүк, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Чарбак жана Өлөң-Булак айылдарына 9-июнда жааган жамгыр аралаш мөндүр мөмө-жемиш менен эгинге зыян келтирди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, мөндүр аралаш жааган жамгыр жер-жемиштердин мөмөсүн күбүп, эгинге зыян келтирген.

Кербен шаарындагы Ак-Дөбө участкасынын тургуну Нурболот Мамбеталиев 3 гектар жерге отургузган жашылчалардын өсүп келе жаткан көчөттөрүнүн баарын мөндүр талкалап кеткенин кабарлады.

«Күтүүсүздөн жамгыр башталып, мөндүргө айланды. Көлөмү куруттан чоңураак болчу. Талаадагы жүгөрү, күн карама жемиштердин баарын талкалап кетти. Арпа алысыраакта эгилгени үчүн аны барып көрүүгө шарт жок. Дыйкандардын баары чыгымга учурады», — дейт дыйкандардын бири Нурболот Мамбеталиев.

Эске сала кетсек, ӨКМ 8-10-июнга чейин абанын туруксуздугу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар