04:55
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

8-июндан тарта мечит жана намазканалар иштеп баштайт

8-июндан диний мекемелер иштеп баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, мечиттер, чиркөөлөр жана намазканалар иштеп баштайт.

Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: бет кап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет. Ошондуктан, жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө бет кап тагынууга тийиш.


Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG