20:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россиядан Кыргызстанга 117 студент келе албай жатат

Россиянын Пензе шаарында окуп жаткан 117 студент өкмөттөн Кыргызстанга алдырып алууну суранышууда. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине маалымдашты.

Алардын айтымында, окуу аяктаары менен көптөгөн жатаканалар жабылат. Студенттер көчөдө калуу коркунучунда.

«Биз элчиликке бир эмес бир нече ирет кат жөнөттүк, байланышка чыктык. Бирок, алар бизди жоопсуз калтырып жатышат. Карантин учурунда мамлекеттик жардамдар берилет деп сөз беришкен, бирок алардын бири да келген жок. Жыйынтыгында биз авикаттамдардын чартердик рейсине өзүбүз кайрылууга мажбур болуудабыз. Бул жактан учуу аракетин көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бирок Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин уруксаты керек экен. Бийлик өкүлдөрүнөн бул маселени эртерээк чечип берүүсүн суранабыз», — дешет студенттер.

Алар белгилегендей, айрым ситуденттердин ата-энелери өз капчыгынан билет сатып берүүгө даяр. Бирок мындай мүмкүнчүлүк баарына тең эле боло бербейт.

«Кээ бир студенттердин билетке эмес, күнүмдүк тамаш-аш сатып алууга акчасы жок. Учурда бизге өз жергебизден алыс болгондуктан моралдык жактан дагы, физикалык жана финансылык жактан дагы оор болуп жатат. Стипендия албайбыз, жумуш жок, өзүбүз жашаган жатаканада изоляциядабыз. Кыргызстандык студенттердин карантин учурундагы абалы аябай эле кейиштүү», — дейт студенттердин бири Абдулла Вахидов.

Эң көп окулган жаңылыктар