20:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек ара окуясы. Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри менен жолугат

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта берилгендей, вице-премьер-министр кечээ эки өлкөнүн чектешкен айылдар аралык жаңжал чыккандыгына байланыштуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугат. Аны менен катар укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрөт.

«Бүгүнкү күндө кырдаал басаңдады. Ошондой эле коргонуу чаралары күчтөндүрүлдү. Тиешелүү органдар жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат », - деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, чек ара окуясы эки тараптын Чечме булагын талашуусу менен башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар