14:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID −19: Түркмөнабадда 15 киши карантинден качып кетти

Түркия, Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келип, Түркмөнабад шаарынын карантин жайында жаткан 15 киши качып кетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнабад жана Ашхабаддагы эки дарыгерге таянуу менен билдирди.

Качып кеткен кишилер карантинди бузууга жана дарыгерлерге пара берүүгө айыпталууда.

Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аларды кармап, кайрадан карантинге жөнөттү. Алар бул жоруктары үчүн ири айып пулга жыгылып, же бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жайыла баштагандан кийин Түркмөнабадда карантин зонасы уюштурулган. Түркмөнстанда расмий түрдө вирус жугузган учур каттала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар