07:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улуттук энергохолдингдин жамааты коронавирус менен күрөш эсебине айлыгын которду

Улуттук энергохолдингдин жамааты коронавирус менен күрөш эсебине бир күндүн эмгек акысыны которду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Энергетика тармагынын кызматкерлери Республикалык штабдын, тармактык мамлекеттик органдардын, медициналык кызматкерлердин жана бардык жарандардын аракеттерин колдоп, коронавирус илдети менен күрөшүүнүн эсебине 7 383,0 миң сом өлчөмүндө акча которушту.

Белгилей кетсек, акыркы маалымат боюнча атайын эсепке 17 миллион сомдон ашык каражат топтолду. Өкмөт ал акчаны азырынча иштете элек.

Эң көп окулган жаңылыктар