18:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ырчы Дайыр Исмадияров Египеттен келе албай жатат

Эстрада ырчы Дайыр Исмадияров Египетке эс алууга кетип, кайра Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, Египетте жалпы 150дөн ашуун кыргыз жараны бар. Алар Казакстанда COVID-2019 коронавирусу күч алып жаткандыгына байланыштуу Казакстан — Шарм-эль-Шейх аба каттамдары жабылып, өтө албай жатышат.

Дайыр Исмадияров билдирүүсүндө: «Аэропортко келдик, биздин рейс 6 сааттан кийин учат экен. Аты жаман илдетти жугузуп албайлы деп согушка чыккандай эле даярдык көрдүк. Эми Казакстан бизди аман-эсен Кыргызстанга өткөрүп койсо. 14 күн болобу 20бы карантинде болгонго ыраазыбыз. Башкысы Кыргызстанга балекетти алып кирбесек болду», — дейт.

Ырчы мырза көп убакыт өтпөй: «Бирөөнүн башына кыйынчылык келсе, жакшы сөз менен болсо да колдоонун ордуна шылдыңдаган калк экенбиз көрсө! Ошентсе да жакшы сөзүн аябай моралдык жактан дем-күч берген калкыма ыраазымын. Жамандык эч кимиңиздерге жолобосун, аман туруңуздар!», — деген пикирин калтырды.

Эске сала кетсек, Казакстандын чек арасында 200гө чукул кыргызстандыктар өтө албай жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар